7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу боюнча расмий маалымат таратылды

248

Бишкекте 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн расмий маалымат жыйыны өттү.

Жыйындын башында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов сөз сүйлөп, 2026-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү, масштабдуу бир катар окуялар, иш-чаралар өтөөрү күтүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле маалымат жыйындын жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземи Бишкектеги жаңы стадиондо, ал эми оюндар Чолпон-Ата шаарында, Кырчын жайлоосунда өтөрү айтылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу суу болоорун, чет элдик өнөр адамдары чакырылаарын жана башка кызыктар көрүүчүлөр үчүн азырынча сыр бойдон калуусун айтты.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016, 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. Андан кийин 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.

249