7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ВИЧ 15 жашка чейинки балдарга да таралууда

486

Бүгүнкү күндө кургак учук көбөйүүдө. Мындан тышкары, стигматизация жана дискриминациядан улам кээ бир бейтаптар алдын алуу, текшерүү жана дарылоо программаларына катышуудан баш тартышат. Бирок кургак учуктун андан ары жайылышы үй чарбаларынын социалдык абалын начарлатат, эпидемиянын жайылышына алып келет жана өлкөнүн бюджетине дарылоо, кам көрүү жана колдоо программалары үчүн олуттуу жүктү алып келет, башкача айтканда, жакырчылыкты жана анын кесепеттерин күчөтөт.

Маалыматка ылайык,учурда Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүгө кеткен чыгымдын 30% эл аралык донорлордун эсебинен каржыланат. Бирок мындай каржылоо жыл сайын кыскарып жаткандыктан, терс кесепеттер республикалык бюджетке оор жүк болуп калат. Ошондуктан коркунучтарга сабаттуу жооп кайтаруу үчүн бардык тоскоолдуктарды, өзгөчө мыйзамдуу тоскоолдуктарды жоюу зарыл.

БУУнун Борбордук Азиядагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперттери Кыргызстанда 2016-жылдан 2021-жылга чейин ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 31%га өскөнүн белгилешет. Бул инфекциянын негизинен эмгекке жарамдуу курактагы (20-49 жаш) адамдар жабыркайт. ВИЧ калктын бардык топторуна, анын ичинде 15 жашка чейинки балдарга да таралууда (ВИЧ менен жашаган 698 бала катталган).

Бул теманы изилдөө жана көйгөйлөргө биргелешип чара көрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн БУУ БКБ ведомстволор аралык Пландын алкагында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын башкаруучу курамынын кызматкерлерин окутуу үчүн адистештирилген тренинг өткөрдү.

Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги ВИЧ жана кургак учук боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын даярдашып буйрукка кол коюшту, анын алкагында 2020-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ жана кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөрдөгү укуктук тоскоолдуктарды жоюу боюнча жалпы, ведомстволор аралык иш-чаралардын планы бекитилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487