Орусиялык профессор, тарых илимдеринин доктору Виктор Козодой: «Адамзаттын тарыхы бир кылка жазылган эмес. Кээ бир аймактар же окуялар эмгиче изилдене элек. Мисалга, биз баарыбыз көңүлдү Европага көп бурабыз, негизги окуялар ошол жакта болгон деп эсептейбиз».
Нарын Айып: Биз өзүбүздүн тарыхка караганда, Байыркы Грекиянын тарыхын көбүрөөк билебиз.
Виктор Козодой: «Ошондой. Көптөгөн окуяларды биз европалыктардын көзү менен карайбыз. Кээ бир окумуштуулар айтат – байыркы гректер менен перстердин согуштарын биз гректердин жазып кеткени боюнча билебиз, ал эми аны перстердин көзү менен карасак, такыр башка тарых чыгышы мүмкүн. Мындай мисалдар көп. Сибирдин тургуну катары мен тарыхка сибиряктын көзү менен карагым келет. Бул чындап эле өтө кызыктуу. ‘Енисейлик кыргыздар’ деген терминди мен туура эмес деп эсептейм, анткени ал кыргыздар жашаган аймакты азайтып салууда жана кээ бир мурдагы тарыхчылар чыгарган ‘кыргыздар – аз сандуу көчмөн эл болгон’ деген концепцияны жактайт. Мен болсо – кыргыздар көп сандуу эл болгон, алар ээлеген аймак дагы өтө кеңири болгон деп жазып жатам. Мисалга, кээ бир сандарды айта кетейин. Улуу кыргыз каганаты күчүнө кирип турганда, анын аймагы 6 млн чарчы чакырымга жетип турган. Биз жакшы билген башка маалыматтар менен аны салыштырып көрөлү. Балкан, Персия, азыркы Түркия, Мисирди камтыган Улуу Искендердин империясынын аймагы 5 млн чарчы чакырым болгон. Ал эми Байыркы Рим империясынын аймагы II кылымдагы эң күчтүү кезинде 5,2 млн чарчы чакырымга жеткен. Карагылачы кандай, ошондуктан байыркы кыргыздардын аймагын жалгыз эле Енисей дарыясынын башына байлап койгон туура эмес. Мындан – бул жөн эле бир кичинекей нерсе, ага көңүл да буруп кереги жок деген ой жаралат. Мен андайга каршымын. Кээ бирөөлөр калкынын саны аз болгон деши мүмкүн, бирок жалпы Азияны алсак, Кытайдын эли көптөгөн миллион болгон жана кыргыздар алар менен алака түзүп, кызматташып келген. Ошондуктан маселе – кандай көз карашты кармануу, кандай ыкма менен изилдөө дегенде жатат. Мен ошол цивилизациялар тарыхына көңүл буруп жатам, европоцентризм же Батышка сыйынуу деген менде жок…»