7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Виктор Козодой: Сибирь кыргыздарынын мамлекеттүүлүгү 19 кылымга уланган

414

Орусиялык профессор, тарых илимдеринин доктору Виктор Козодой: «Мен үчүн бул тема өтө кызыктуу, ал мени өтө шыктандырып, дем берет, анткени бул – мен жашаган Сибирдин тарыхы, бул жакта ал кезде кайсы эл жашаса дагы, бул – мен азыр жашаган жердин тарыхы, ар түрдүү окуяларга өтө бай тарых. Ал тарыхты ошол кезде Сибирь кыргыздары жараткан жана алардын күчтүү тарыхый инсандары болгон, алардын бири – Эренек жөнүндө мен китеп жаздым. Ал өтө белгилүү жана күчтүү жетекчи болгон, анын тарыхын мен өтө кызыгып жаздым. Ал китеп чыкты, эми мен экинчи китеп жазып атам, анын көлөмү да чоңураак, мааниси да тереңирээк болот. Бул экинчи китеп – Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы менен алардын мемлекеттүүлүгүнүн тарыхы тууралуу болот. Бул китебим – биздин заманга чейинки III кылымдын аягынан тартып, биздин замандын XVIII кылымынын башына чейинки окуяларды камтыйт, жалпысынан, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 19 кылымдык тарыхы. Бул өтө күчтүү тарых…»

415