7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады

659

Россиянын президенти Владимир Путин президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

“Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жогорулап бара жатат. Кыргызстан менен Россия евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында активдүү өз ара аракеттенип, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун чакырыктарына каршы турууда күчтөрдү бириктирүүдө.

Келерки жылы биз бир тууган элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бардык тармактарда конструктивдүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишибизди улантабыз деп ишенем.

Сизге, Сиздин үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чын дилимден бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоосунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660