Орусиянын президенти Владимир Путин ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский менен коштошту.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Союздар үйүндө өтүүдө. Либералдык-демократиялык партиянын лидеринин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат.
Жириновский 6-апрелде узакка созулган оорудан кийин каза болгон. 2-февралда ал коронавирус менен Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер өпкөсүнө чоң зыян келтирген деген диагноз коюшкан.