7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Волонтердук иш жɵнүндɵгү» мыйзам долбоору экинчи окууда четке кагылды

442

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Бакасов, Таалайбек Сарыбашев, Жаныбек Абиров тарабынан демилгеленген.

Аталган мыйзам долбоору аркылуу волонтерлордун, волонтердук ишти уюштуруучулардын жана волонтердук уюмдардын укуктарын жана милдеттерин белгилеп, волонтердук иш жөнүндө келишим түзүү тартиби жана анын мазмунуна карата талаптар белгиленген.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева республикадагы ыктыярчылардын саны боюнча маселени көтөрүп, аларды Баткен облусуна тартуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Русланбек Жакышев ыктыярчылардын укуктарын жана жаш курагын коргоо, аларга тиешелүү күбөлүктөрдү берүү маселелерине кызыкты.

Депутат Исхак Масалиев саясий жана диний уюмдар тарабынан ыктыярчыларды тартууга тыюу салуу боюнча бир катар маселелерди тактады. Мындан тышкары, “Келишим түзүшүп, күбөлөндүрүү керекпи?”, — деп сурады.

Демилгечилердин бири депутат Балбак Түлөбаев ыктыярчылар үчүн биринчи кезекте күбөлүк жана келишим керек деп жооп берди.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлердин пикирин эске алуу менен мыйзам долбоору четке кагылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

443