7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

WhatsApp аркылуу туура эмес маалымат тараткан жаран Сумаянын жакындарынан кечирим сурады

1135

Аксыда жаран WhatsApp социалдык тармагында туура эмес маалымат айтып алгандыгы үчүн Сумаянын жакындарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин “WhatsApp” социалдык тармагында Аксы районунун Кашка-Суу айылынын элине Сумаяны мисал кылуу менен эскертүү берип этият болууга чакырган үн жазуу тараган.

Маалыматка ылайык, аудио социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Ошондой эле Аксы РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул үн жазууну жаздырып “WhatsApp” тайпасына тараткан Аксы районунун тургуну 1982-ж.т. К.Ш. экендиги аныкталды.

Ал бул үн жаздырууну айыл өкмөттүн элине балдарга көз салуу менен этият болууга чакырып, бирок Сумая тууралуу толук маалымат билбей туруп экспертиза чыкты деп тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, бул туурасында өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан жана Сумаянын жакындарынан кечирим сурады.

Бул факты Аксы РИИБдин МЭЖне текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1136