7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Wi-Fi, маалыматтык LED экраны менен… Бишкектеги заманбап аялдама

756

Ж.Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорт аялдамасын реконструкциялоо иштери аяктап жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анын жыйынтыгы менен Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев, «Бишкекасфальтсервис» МИнин, «Бакай Банк» ААК өкүлдөрү таанышты.

Ошону менен бирге коомдук транспорттун аялдамаларын муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча документтерге кол коюлду.

Эми аялдаманы видеобайкоо камералары, Wi-Fi, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор менен жабдуу пландалууда.

Долбоор «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыгып, «Бакай Банк» ААКтын эсебинен ишке ашырылган.

Эске салсак, бул аялдаманы жай мезгилинде кондиционер жана кышында жылытуу системасы, ошондой эле декоративдик коомдук транспорттун маршруту, жарнакты жарыктандырган куту, маалыматты LED экраны менен камсыз кылуу да каралган.

Мындан тышкары, жол тыгындарын болтурбоо жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан тротуарды кеңейтүү, жол бордюрларын орнотуу, асфальт төшөө менен аялдама жылдырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757