Эл аралык трансулуттук баңгизат кылмыштуу тобуна тиешеси бар «Woody Exchange» крипто алмаштыргычынын кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулду.
31-мартта УКМК тарабынан Өзбекстандын 2000-жылы туулган орус улутундагы жараны кармалды. Ал Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын аймактарында иштеген “Принцесса Дури” тармагына кирген онлайн дары-дармек дүкөндөрү аркылуу, Кыргызстандын аймагында жаңы түзүлгөн «Woody Exchange» крипто алмаштыргычынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган. Ал электрондук капчыктар жана банктык эсептер аркылуу синтетикалык баңги каражаттарын сатуудан түшкөн акча каражаттарынын кыймылын уюштуруу, келип түшкөн каражаттарды накталай акчага айлантуу процессин көзөмөлдөө жана баңгизаттарды сактоочу жайларга жөнөтүүнү уюштуруу максатында январь айында Бишкек шаарына келген.
«Трансулуттук кылмыштуу баңги тобун каржылоого көмөктөшүүнү документтештирүү жана эсепке алуу максатында УКМК тарабынан мефедрон баңгизатын контролдук сатып алуу жолу менен «Принцесса Дури» дарыканасы аркылуу «Woody Exchange» крипто алмаштыргычынан сатылып алынды. Муну менен трансулуттук уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого жардам көрсөтүүгө крипто алмаштыргычтын катышуусу тастыкталды. Кармалган жарандын жашаган жериненен буюм далилдери, дарыканалардын каржылык операцияларында колдонулган 100гө жакын банк карталары, 18 уюлдук телефондор жана ноутбуктар табылды»,— деп берилет маалыматта.
Синтетикалык баңгизаттарды сатуудан банктык карталарга күн сайын акча каражаттарынын түшүүсү болжол менен 40 – 50 миң АКШ долларын түзгөн. Алар крипто-валютага алмаштырылып, кураторлордун эсептерине которулган. (акча алмаштыруучу жай иштей баштагандан бери жалпы сумма болжол менен 240 млн. сомду түзөт)
Учурда Өзбекстандын жараны УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Башка каналдарды аныктоо үчүн кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.