7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Япониянын Премьер-министри Ёсихидэ Суга Садыр Жапаровду куттуктады

293

Япониянын Премьер-министри Ёсихидэ Суга Япониянын Өкмөтүнүн жана жапон элинин атынан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сиз менен биргеликте Япония жана Кыргыз Республикасынын ортосунда 1992-жылы түзүлгөн дипломатиялык мамилелерди, узак мезгилден бери уланып келаткан эки мамлекеттин ортосундагы достук жана жакшы алакабызды мындан ары дагы өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз деген үмүтүмдү билдиргим келет. Мындан сырткары, Япония Кыргызстан менен, анын ичинде „Борбордук Азия + Япония“ диалогунун алкагында тыгыз кызматташып, аны менен Борбор Азия регионунун туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошууну улантууга ниеттенүүдө», — деп белгиленет куттуктоодо.

Ёсихидэ Суга Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

294