7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ынтымак Ордо” өлкө тарыхындагы 5-Ак үй экендигин билет белеңиз?

331

Кыргызстандын биринчи Ак үйү кандай болгон?

Кыргызстанда «Ынтымак Ордо» ачылды, эми президент, өкмөт ал жерде жайгашат. Буга карата тарыхты барактап, 100 жылга чукул артка кайрылалы.

 

Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин Борбордук аткаруу комитетинин бул имараты 1928-жылы, мындан 96 жыл илгери курулган.

Аны Кыргызстандын биринчи Ак үйү деп койсок болот. Учурда бул жерде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жайгашкан.

Сүрөт: ЦГА КФФД КР, open.kg

 

Ал эми бул — Кыргызстандын экинчи Ак үйү, тагыраагы, ал кезде Өкмөт үйү деп аталган.

Имарат 1936-жылы салынат. Ал эми 1937-жылы дал ушул жайда Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган. Учурда бул жерде Кыргызстандын Жогорку соту жайгашкан.

Сүрөт: ЦГА КФФД КР, open.kg

@kyrgyz_kep

 

1956-жылы Кыргызстандын бул өкмөт (3) үйү салынып, анда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети орун алган.

Учурда бул жерде азыркы бийлик — президент жана министрлер кабинети орун алган.

@kyrgyz_kep

 

 

Бул атактуу Ак үй 1985-жылы курулган. Эсеп боюнча — бешинчи.

Бишкектин көркүн ачкан имараттардын бири болду. Бирок бир нече ынкылапты башынан өткөрдү, бир нече ирет өрттөнүп, кайра калыбына келтирилди.

@kyrgyz_kep

 

Жаңы ачылган бул Ак үй «Ынтымак ордо» деп аталды.

Буга чейинкилерден айырмаланып борбор калаанын чок борборунда эмес, түштүк тарабында жайгашты.

 

 

332