7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Абдыкадыр Султанбаев: Акыркы 3 жылда – мурда 30 жылда болбогон экономикалык өзгөрүүлөр орун алууда

117

2024-жылдын 26-августунан 31не чейинки окуялар тууралуу коомдук ишмер Абдыкадыр Султанбаев менен маек.

– Мамлекеттүүлүктүн мааракеси алдында көптөгөн жаңы ишкана-өндүрүштөр ачылып, көргөзмөлөр уюштурулуп, Кыргызстандын жетишкендиктери даңазаланды, бул – абдан туура, анткени акыркы 3 жылда мурдагы 30 жылда болбогон курулуштар ишке ашты. Кыргызстан такай эле ар башка өнүккөн мамлекеттерден жардам сурап келген өлкө эле, азыр өз алдынча чечим кабыл алып, өз күчү менен завод куруп, жол салып, өнүккөн мамлекеттер катарына кошулууга умтулууда, муну кубатташ гана керек.

– Кечээ күнү «Ынтымак-ордо» деп аталган президенттин жаңы резиденциясы ачылды, мен барып, көрүп келдим, абдан жакшы салыныптыр. Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги саммитин өткөрүүгө 2009-жылы Кыргызстандын кезеги келгенде, жогорку даражалуу президенттер менен башка конокторду тосууга өлкөнүн заманбап залдары же имараттары жок болгондуктан, чет мамлекеттерден жардам сураганга мажбур болгонбуз. Азыр, кудайга шүгүр, өз күчүбүз менен баардык талаптарга жооп берген имараттарды салууга кудуретибиз жетип калды.

– Эгемендик майрамы менен куттуктап, Кыргызстанга Орусиянын атактуу ырчы-артисттери келгенин коомдун айрым катмарындагылар жактырган жок, бирок маселе – аларды жактырып, алардын ырларын угууну эңсегендер дагы көп. Ошондуктан, өз пикирин башкаларга таңуулаганды каалагандар жөн гана ал конок ырчылардын ырдаганын укпай-көрбөй эле койсо болот. Эң негизгиси – алардын гонорарын кайсы бир демөөрчүлөр төлөйт экен, ошондуктан мамлекеттик казынага эч кандай кошумча жүк артылбайт.

Жуманын негизги окуялары:

– Кара-Кыргыз автономиясынын 100 жылдыгына арналып, 40 өндүрүш ишканасы жана 60 социалдык мекеме курулуп бүтүп, же курулуп жатат, алардын айрымдары 30-августта Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгынын алдында салтанаттуу ачылды.

– Кара-Балтада төрт жылдан бери иштебей турган «Джунда» заводу ишке берилди, эми ал жылына 800 миң тонна мунай иштетет.

– «Кыргызалтын» концернинин алдында – алтын куймаларын чыгаруу ишканасы дагы ачылды, айына ал 14 миң куйма чыгарат экен.

– Акылбек Жапаров минкабдын жыйынында 29-августта – азыркы экономикалык жетишкендиктерге – мындан 2 жыл мурда Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылганы эң орчундуу негиз болгонун билдирди.

– Бүгүн өкмөт үйүнүн имаратынын алдында ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү ачылып, жеңил унаа, лифт менен ноутбуктар, түрдүү электроника, кийим жана башка өндүрүмдөр көрсөтүлдү.

– Академик, Илимдер академиясынын мурдагы президенти Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды.

 

– Кечээ күнү кечинде «Ынтымак-ордо» деп аталган президенттин жаңы резиденциясы ачылды, ал 2 жарым жылдын ичинде курулду. Башында «Ысык-Көл» мейманканасы бузулганда жана анын жанындагы «Манас айылы» тууралуу бир топ чуу чыкты эле.

– Мурдагы өкмөт үйүнө Бишкек мэриясы, азыркы мэрияга Чүй облустук жетекчилик көчүп, «Ынтымак-ордонун» маңдайына ар башка министрликтердин имараттары, ал эми ВДНХнын ордуна чоң конгресс-холл курулат деп пландалып жатыптыр.

– Бишкек гуманитардык университетинин адистери социалдык сурамжылоо өткөрүп, президент Садыр Жапаровго болгон элдик ишеним 82 жарым пайыздан 87 пайызга чейин өскөнүн аныктаганы белгилүү болду.

– Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чыгып сүйлөп – коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчага ипотека ыкмасы менен үйлөр курулуп жатат деп билдирди.

– «Ыйман нуру» партиясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшырып, анын ордуна Жогорку кеңешке депутат болуп Эрнис Айдаралиев келди.

– Көлдө 7 мамлекеттин куткаруучулары эл аралык атайын тренинг өткөрдү, ага Иордания, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Мисир, Монголия, Орусия жана Сауд Арабиянын өкүлдөрү катышты

– Эгемендик күнү алдында Кыргызстандын тоолору арасында өткөрүлгөн Silk Road Mountain Race деген веложүрүшкө катышкан немис спортчусу Патрик Майерле рак менен ооруган кыргыз балдары үчүн 7 миң евро чогултту.

 

– Эгемендиктин 33 жылдыгы менен байланыштуу кечээ күнү башталган салтанаттар бүгүн дагы уланды, Болот Мамбетов менен Сүймөнкул Чокморов «Эл баатыры» болду. Сиз дагы өзүңүз бүгүн «Ынтымак-ордого» барып, «Манас» орденин алып келдиңиз.

– Ушул салтанаттар менен байланыштуу чет өлкөлөрдөн чакырылган артисттер менен байланыштуу сөз чыгып, коомдо кызуу талкуу жүрүп жатат. Ал тууралуу президент Садыр Жапаров дагы өз пикирин билдирди.

– Соцфонд алдындагы пенсиялык жаңы фонддун ачылышында Эдил Байсалов чыгып сүйлөп, жакында өлкөдө 7 миң сомдон кем пенсия алган адам калбайт деп билдирди.

– 28-августта Париж шаарында Паралимпиада башталды, Кыргызстандан ага 4 спортчу катышууда.

– Көлдө 28-августта көк-бөрү боюнча Президенттин кубогу үчүн мелдеш башталды.

– Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиланддын борбору Бангкокто тай-бокс боюнча дүйнө чемпиону болду.

– Астана шаарында 8-августта баштала турган Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстандын даярдыгы тууралуу Эдил Байсалов 27-августта жыйын өткөрдү.

 

– Түштүк Кореянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Ким Кванджэ дайындалып, Бишкекке келди.

– Бишкектин «Жал» кичи районунда мурдагы «Батуми» кафесинин ордунда «Муун» деген сейил бак курулду жана анын ачылышы 1-сентябрда болот деп айтылууда.

– Баткенде «Урмезан-3» деген көмүр кени иштетиле баштады, ага мамлекеттик казынадан 3 млн доллар сарпталды.

– Бишкектин шаардык кеңеши 29-августта шаардагы «Ак-Кула» ипподромун жеке менчик колго өткөрүү жана Бишкектеги 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимдерин колдоду.

– Бишкек алдындагы Ала-Арча эс алуу капчыгайында «Ала-Арча» деген жаңы ресторан ачылды.

118