7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ынтымак Ордого” жарандардын экскурсиясы уюштурула баштады

649

Бүгүндөн тартып президенттин администрациясынын жаңы имараты “Ынтымак Ордого” жарандардын экскурсиясы башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жарандар иш күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин өздүгүн тастыктоочу документ менен келип “Ынтымак Ордону” көрүп кетсе болот. Экскурсия дүйшөмбүдөн ишембиге чейин уюштурулат.

“Бир учурда 20 мейман кирет. Алар атайын журналга катталып, кайра экинчи жолу кире албастыгын эскертебиз. Бул чара имаратты көрүүнү каалоочулардын көптүгү менен шартталган. 20 адам экскурсиядан чыккан соң кезектеги кийинки 20 адам киришет. Аларды коштоп, залдарды көрсөткөн кызматкер болот”, — деди ал.

Ошондой эле ал экскурсия учурунда башка адамдар дагы келип, кезек күтүп турууга туура келиши мүмкүн экендигин белгилеп, буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

650