Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров 3 жылдан соң аялы Жанара менен жарашып, уулун кучагына алды. Бул тууралуу Дайыр Исмадияров өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Анын айтымында, жубайлардын жарашуусуна ортодогу уулу себеп болгон, жана ал өзү дагы атанын мээримине куса болуп өскөн.
“Жарашуу сунушун мен киргиздим. Экөөбүз буга чейинки кетирген каталарыбызды кайталабайлы деп ойлонуп отуруп ушундай чечимге келдик. Биз стадиондо үйлөнбөдүк беле? Көрсө, үй-бүлөнү көпчүлүккө чыгарбай эле коюш керек экен. Эми соцтармактарга киргизбейм деп чечтим. Жарашуубуздун дагы бирден-бир себеби, апам болду. Ата-энеге баласынын тың болуусу, бактылуу болуусу бакыт экен да. Баары бактылуу бирөөсү эле жалгыз жүрсө өзүн бактысыз сезет экен. Анан эжем айтты, “сен үйлөнгөндөгү апамдын бактылуулугун андан бери көрө элекмин” деди.
Негизи экөөбүздүн ажырашуу оюубуз да дагы жок болчу. Журналисттер биз таарынышып жүргөнүбүздө эле бизди “ажырашты” деп чыгарып салышкан. Анан келинчегим чалып “Мм, ажырашкыңыз келип калдыбы” деп таарынды, ушул дагы ажырашууга чоң таасир берди. Андыктан көпчүлүккө жарыялоонун кереги жок экен. Анан да жарашуубузга ортодогу балабыз чоң түрткү болду”, — дейт ал.