7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Манас» эпосуна бүгүнкү күнү дагы дүйнөлүк фольклор таануу илиминин кызыгуусу артууда

943

Бүгүн, 4-декабрда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы жана дөөлөтү болгон „Манас“ эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Тарыхына сыймыктанган ар бир эл өзүнүн адабий жана маданий мурасын аздектеп, аны даңазалоонун жүгүн көтөрөт. Ошол мурас, ошол дөөлөт бара-бара ошол элдин улуттук ураанына, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылат. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн, таалайына жаралган байыркы „Манас“ дастаны бүгүнкү күндө дал ошондой милдетти аркалап келет.

Чынында эле, ата-бабалардын көчмөн цивилизациясы доорундагы гимни, Евразия мейкиндигинде жаңырып турган ыры болгон „Манас“ эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак. Көлөмү эле эмес, көркөмдүгү менен да бүт адамзатты таң калтырган улуу эпосубуздун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине катталышы да тегин жерден эмес.

Элдик оозеки чыгармачылыктын уникалдуу үлгүсү саналган „Манас“ эпосуна бүгүнкү күнү дагы дүйнөлүк фольклор таануу илиминин кызыгуусу артууда. Ал  көптөгөн мамлекеттердин окумуштууларынын изилдөө объектисине айланып, жалпы адамзаттык маданияттын казынасына кирди.

Мен улуу дастаныбызды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларыбызга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууда „акылын азык, каруусун казык“ кылып, мээнет тарткан изилдөөчүлөрүбүзгө башымды ийип, таазим этемин.

Ааламдашуу маалында улуу эпопеябызды жаңы шартта иликтеп-изилдеп, чечмелеп, элибиздин калың катмарына жеткирип, андагы түбөлүктүү көөнөрбөс идеалдарды, баалуулуктарды жаштарыбыздын аң-сезимине сиңирүүбүз зарыл. Тамырына жана дилине ата-бабаларынын демин каткан муун гана Мекен, эл-жер үчүн күйө билип, аны көздүн карегиндей сактоону ыйык парз деп билет. Бул улуу сезимди көкүрөгүнө уютуп алып жүрөт.

Өлкө тарыхында биринчи жолу „Кыргыз мамлекеттик ‚Манас‘ театрынын“ түптөлүшү мыкты саамалык болду. Бул театр „Манас“ дастаны менен катар башка кенже эпосторду жана айтуучулук өнөрдү сактоо, жайылтуу жана даңазалоо милдетин аркалоого бел байлап отурат.

Мындан сырткары, эпостун негизинде көп сериялуу кинофильмдерди, балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартып, „Манастын“ ыр, кара сөз түрлөрүндөгү варианттарын түзүп, аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которуп, таркатып, пропагандалоону колго алуу зарыл. „Илиада“ жана „Одиссея“, „Рамаяна“ жана „Махабхарата“ сыяктуу оозеки мурастардын керемет эстеликтериндей эле, биздин „Манас“ дагы дүйнөнүн бардык илимий мекемелеринин, окуу жайларынын китепканаларында турушу керек.

Сиздерди дагы бир жолу улуу „Манас“ дастаныбыздын күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүү, Мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Манас бабабыздын арбагы ыраазы болуп, эркиндигибиздин туусу түбөлүк желбиресин!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

944