7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майя: «Ай, эжеке» ырын ырдап чыкканымда Германиядагы популярдуу сынакка чакырышкан

685

“Ай, эжеке” деген жалындуу ырын ырдап, бир убакта Кыргызстанда популярдуу болгон Германиялык популярдуу ырчы, музыкант Майя Фадеева эсиңиздеби? Социалдык тармактарда дагы бир “Сен менин” деген ырын аткарып элди суктандырды. Сүйкүмдүү тармал чачтуу Майя менен байланышканыбызда, учурда Германияда экендигин айтып биз менен онлайн-маек курганга макул болду.

— ГЕРМАНИЯНЫН ТУРГУНДАРЫ КЫРГЫЗЧА ЫРЛАРДЫ УККАНДА КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫШАТ? АЛАРГА КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАГАБЫ?

— Немистерге менин кыргызча ырларым аябай жагат. Мага көбүнчө жазып калышат, биз түшүнбөсөк дагы, укканга башкача жагымдуу тил экен деген көп позитивдүү комментарийлер келет. Баса, 2016-жылы “Ай, эжеке” ырын ырдап чыкканымда мени Германиядагы популярдуу сынакка чакырышкан. Мен катышууга макул болгом, бирок жеңишке жеткей калгам. Катышканыма сүйүнгөм. Бул жерде ар бир улуттун тилин баалашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686