7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Германиялык ырчы Майя: «Кыргызстандын өзгөчөлүгү бул анын — эли»

645

“Ай, эжеке” деген жалындуу ырын ырдап, бир убакта Кыргызстанда популярдуу болгон Германиялык популярдуу ырчы, музыкант Майя Фадеева эсиңиздеби? Социалдык тармактарда дагы бир “Сен менин” деген ырын аткарып элди суктандырды. Сүйкүмдүү тармал чачтуу Майя менен байланышканыбызда, учурда Германияда экендигин айтып биз менен онлайн-маек курганга макул болду.

— САЛАМАТСЫЗБЫ МАЙЯ! ӨЗҮҢҮЗ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРЕСИЗБИ?

Саламатсыздарбы. Менин атым Майя, 35 жаштамын учурда Германияда жашап, ырчы, музыкант болуп эмгектенем. Өзүмдүн бала кезим жөнүндө айтсам, Санкт- Петербургта жарык дүйнөгө келгем. Атам Владимир Фадеев кыргызстандык, ал көп өлкөлөрдө жашаган Америкада, Петербургда, 10 жыл мурун Кыргызстанга кайткан. Өзүңдүн өлкөңдөн өтөөр жер жок — деп көп айтып калат. Атам жана мен Кыргызстанды аябай жакшы көрөбүз. Мен Кыргызстанга ар жылы атамды көргөнү келип турам.

— СИЗ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЫРДАГАН “АЙ ЭЖЕКЕ” ДЕГЕН ЫРЫҢЫЗ 2016-ЖЫЛЫ ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОН ЭЛЕ. УШУЛ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРСЕҢИЗ?

— Менин атам 71 жашка чыкса дагы иштейт, ал өз жумушун сүйөт. Жалал-Абадда музыка мектебинде балдарга музыкадан, гитарадан сабак берет. Мен 2016-жылы кыргызча ырдагым келип, мектептеги жаш балдар менен ырдайм деп чечкем, ошондо атамдын кесиптеши Абдулла Атышович “Ай, эжеке” ырын сунуштады. Мага чынында ыр аябай жакты, бир жума тынбай угуп жаттадым. Ошентип видеого тартып социалдык тармактарга жүктөп, өзүм Германияга кеткем. Үйүмө келип телефонумду ачсам эле, лайктар, комментарийлер, каттар толуп кетиптир. Кыргызстандагы телеканалдар чакырып, жаңылыктарда ырым тарап кетиптир. Мени кайра Кыргызстанга чакыртышып, телеканалдардын бири бардык чыгымдарымды төлөп берген. Видео чыккандан кийин 5 күн өткөн соң өлкөгө учуп келдим. Кайрымдуулук концерт өткөрүп, интервьюларга катышып жүрдүм. Ушул окуя мага таасир берди окшойт, андан кийин кыргыз ырларына жакын болуп, үйрөнүп, видео тартып баштадым.

— “СЕН МЕНИН” ДЕГЕН КЫРГЫЗЧА ЫРЫН ДАГЫ ЫРДАП ЧЫКТЫҢЫЗ, КАНТИП ТАНДАП КАЛДЫҢЫЗ? ЭМНЕСИ МЕНЕН ЖАКТЫ?

— Кыргызча ырларды издеп жатып, таап алдым. Бул ырды биринчи жолу укканымда эле сүйүп калдым. Ырды которгондон кийин көзүмө жаштар толду, мааниси аябай терең, мазмундуу, романтикалуу экен. Мен бул ырды сөзсүз ырдап чыгышым керек — дедим.

— КЫРГЫЗСТАНГА АР ЖЫЛЫ КЕЛИП ТУРАМ ДЕБЕДИҢИЗБИ? КАНДАЙ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРДҮ БАЙКАДЫҢЫЗ?

— Ооба. Кыргызстан мен үчүн эң өзгөчө өлкө, аябай жакшы көрөм. Өзгөчөлүгү бул — эл деп айтсам жаңылышпайм. Башкача калк. Меймандос, кең пейил, болгон жардамын эч аябайт, ачык мүнөз, оңой баарлашып кетесиң жөнөкөй. Ошондой эле, жаратылыш суктандырат. Кыргызстандагы тоолорду, көлдөрдү, тамак-аштарды чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм. Мени капаланткан нерсе бул жолдогу таштандылар. Таштанды аябай көп. Кыргызстандай өлкөгө жетпей жүргөн башка өлкөлөр көп, ошол нерсени билип, өлкөнү баркташ керек.

— ГЕРМАНИЯДА КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ ЖАШАЙСЫЗБЫ? ӨЛКӨҢҮЗ ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРЕСИЗБИ?

— Мен Санкт-Петербургта туулгам. 5-жашымда Нью-Йоркко апам экөбүз атамдын жанына барганбыз. Атам ал жакта 20 жыл жашаган. Кийин ата-энем эки жолго түшкөн. Ошентип 11 жашымда Германияга апам менен көчүп келдик. 26 жылдан бери бул өлкөдө жашайм. Германия тууралуу айта турган болсом, аябай өнүккөн өлкө. Таза, мүмкүнчүлүктөр көп. Бирок суук. Бул жерде ар бир кесипке маани берип, ар дайым өлкө колдоо көрсөтөт. Эли тууралуу айтсам, жөнөкөйлүк жетишпейт. Ар ким өзүнүн жашоосу менен алек. Ашыкча сүйлөй албайсың, аралык аябай сакталат. Мисалы Кыргызстанда милиция кызматкери менен күлүп, тамашалап сүйлөшө алсаң, бул жакта андай эмес. Баары официалдуу. Адамдар бир гана жакындары менен ачылып сүйлөшөт. Тааныбаган адамдарга көп сүйлөй берсең бул жакшы эмес го деп ойлоп калышат. Немистер негизи эле ичиндеги нерсени айтпайт, ушундай калк. Эмоцияга алдырышпайт, бул жактагы эл салкын мамиле кылат. Германияда башка өлкөдөн келген жарандар көбөйүүдө. Орустар, кыргыздар көп, менин таааныштарым, досторум дагы бар. Чогулганда же болбосо иш –чараларда ырдап берип турам.

— КЫРГЫЗ ДОСТОРУҢУЗ, ТААНЫШТАРЫҢЫЗ БАР БОЛСО СИЗДИ ТОЙЛОРГО ЫРДАГАНЫ ЧАКЫРЫП КАЛЫШСА КЕРЕК

— Ооба, мен кыргызча иш-чараларга 3 жолу катышкам, өзүмдүн жакшы билген, ырдаган ырымды аткарып бергем.

— ГЕРМАНИЯНЫН ТУРГУНДАРЫ КЫРГЫЗЧА ЫРЛАРДЫ УККАНДА КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫШАТ? АЛАРГА КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАГАБЫ?

— Немистерге менин кыргызча ырларым аябай жагат. Мага көбүнчө жазып калышат, биз түшүнбөсөк дагы, укканга башкача жагымдуу тил экен деген көп позитивдүү комментарийлер келет. Баса, 2016-жылы “Ай,эжеке” ырын ырдап чыкканымда мени Германияда популярдуу конкурска чакырышкан. Мен катышууга макул болгом, бирок жеңишке жеткей калгам. Катышканыма сүйүнгөм. Бул жерде ар бир улуттун тилин баалашат.

— ЖЕКЕ ЖАШООҢУЗДА КАНДАЙ ЖАҢЫЛЫКТАР?

— Менде баары жакшы. (күлүп) Учурда өзүмдүн жигитим менен жашайм. Баса, бул жакта 18-19 жашта турмушка чыгышпайт. Кыздар 30дан өткөндө үй-бүлө куруп, 37-38 жашта балалуу болушат. Анткени биринчи бутка туруп, жакшы жумушка орношуп, өзүн ата-эне болгону даярдап, андан кийин гана баланы пландашат. Германияда бардык нерсе эле кечирээк болот.

— ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫҢЫЗДАН ДАГЫ КЫРГЫЗЧА ЫРЛАРДЫ УГА АЛАБЫЗБЫ ? КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛҮҮНҮ ПЛАНДАП ЖАТАСЫЗБЫ?

— Ооба, кыргызча ырларды дагы үйрөнөм, мага “Таласым” деген ыр аябай жагып жатат, балким ошол ырды ырдап чыгам. Бул жылы июнь айында барам.

— МАЕГИҢИЗГЕ ЧОҢ РАХМАТ, ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙБЫЗ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646