“Ай, эжеке” деген жалындуу ырын ырдап, бир убакта Кыргызстанда популярдуу болгон Германиялык популярдуу ырчы, музыкант Майя Фадеева эсиңиздеби? Социалдык тармактарда дагы бир “Сен менин” деген ырын аткарып элди суктандырды. Сүйкүмдүү тармал чачтуу Майя менен байланышканыбызда, учурда Германияда экендигин айтып биз менен онлайн-маек курганга макул болду.
— ГЕРМАНИЯНЫН ТУРГУНДАРЫ КЫРГЫЗЧА ЫРЛАРДЫ УККАНДА КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫШАТ? АЛАРГА КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАГАБЫ?
— Немистерге менин кыргызча ырларым аябай жагат. Мага көбүнчө жазып калышат, биз түшүнбөсөк дагы, укканга башкача жагымдуу тил экен деген көп позитивдүү комментарийлер келет. Баса, 2016-жылы “Ай, эжеке” ырын ырдап чыкканымда мени Германиядагы популярдуу сынакка чакырышкан. Мен катышууга макул болгом, бирок жеңишке жеткей калгам. Катышканыма сүйүнгөм. Бул жерде ар бир улуттун тилин баалашат.