7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

420

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын декабрь айынын башында 1995-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш бала арыз ээсинин ишенимине кирип, унаасын ижарага алып акчасын бербей из жашырып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене «алдамчылык» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1990-жылы туулган жаран кармалды. Териштирүүдө кармалган жарандын унааларды ижарага алып, ошол боюнча дайынсыз болуп жүргөн мындан башка дагы 2 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Алардын бири Ысык-Ата районунда, экинчиси Аламүдүн районунда орун алган. Шектүү жаран ижарага алган унаалардын бирин башка унаага алмаштырып жибергени маалым болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка аланды», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

421