7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо башталды

189

Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү башталып, район жетекчилиги талаадагы иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бек Джекшембаев район акими Алмазбек Рахманкулов менен биргеликте Кочкорбаев айыл аймагындагы талаалардагы иштердин жүрүшүн жеринен көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, район боюнча быйыл жалпы 21 миң 575 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери айдалган. Анын ичинен 8 миң 186 гектарын буудай ээлейт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө район акими Алмазбек Рахманкулов түшүмдү өз убагында жана коромжусуз жыйноо үчүн дыйкандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды.

190