7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө туристтик сезон алдында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

150

Ысык-Көл районунда туристтик сезонго даярдык көрүүнүн алкагында коомдук тамактануучу жайларда мониторинг жүргүзүлүп, алты жайда документтерге байланыштуу кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары жана айыл чарба  министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын катынын жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасынын негизинде 2026-жылкы жайкы туристтик мезгилге даярдык алкагында райондогу 22 коомдук тамактануучу жай текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты, ошондой эле алардын сакталуу шарттары каралды. Мониторингдин жыйынтыгында алты коомдук тамактануучу жайда тиешелүү коштомо документтер толук эмес экени аныкталды. Бул боюнча ишкана жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу үчүн консультативдик жардам көрсөтүлдү.

Инспекторлордун айтымында, мындай алдын алуу иш-чаралары тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо жана туристтерге көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. Мониторинг иштери мындан ары да улантылып, аныкталган кемчиликтердин жоюлушу көзөмөлгө алынат.

151