7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата: Тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшырткан завод ачылды

605

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Аталык Жем” тоют заводунун салтанаттуу ачылышына катышты.

МинКаб төрагасы президенттин атынан жана жеке өзүнүн атынан чогулгандарды ишкананын ачылышы менен куттуктап, ар бир мамлекеттин экономикалык негизи бизнес экенин белгиледи.

“Саатына 20 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар бул завод жергиликтүү дыйкандардан 1 млрд сомго 60 миң тоннадан ашуун дан сатып алууга жана 50дөн ашуун жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын жалпы көлөмү 430 млн сомду түзүп, 150 млн сому “Айыл Банк” аркылуу берилген”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, ишкананын ачылышы өндүрүлгөн тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшыртат жана “бир гана тоют тармагын эмес, жалпы агроөнөр жай кластерин өнүктүрүүгө жакшы түрткү болот”.

Белгилей кетсек, “Аталык Жем” тоют заводу “ЭлДан Аталык агроөнөр жай комплекси” ЖЧКсына тиешелүү жана европалык өндүрүштөгү заманбап техникалар менен жабдылган.

Заводдун негизги иш алып барган багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

— дыйканчылык;

— үрөөнчүлүк;

— мал чарбачылык;

— жумуртка өндүрүү;

— тоют, жем өндүрүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

606