7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада ири кыш заводу иштей баштады

308

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында ири кыш заводу курулду. Бул завод Кыргызстандагы курулуш тармагындагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп эсептелет. Курулуш иштери 2024-жылдын сентябрь айында башталган. 2025-жылдын апрель айында кайрадан жанданып, бүгүнкү күндө завод ишке берилип олтурат. 

Ишкана замандын талабына ылайык айланма меш менен жабдылган. Айланма меш — бул заманбап, үзгүлтүксүз өндүрүш жүргүзө алган жогорку эффективдүү күйгүзүүчү жабдуу. Анын өзгөчөлүгү — мештин 360 градус айланып турушунда.

Сын-Таш айылында сапаттуу чопо менен суглинктин ири кени жайгашкан. Алгач завод ички рынокту камсыздоого багытталат, бирок келечекте продукциясын тышкы рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү да бар.

309