Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында сарайдан өрт чыгып 4 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 13-декабрда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында катталган. Өрттүн кесепетинен 4 жаран набыт болду.
«Жалпы аянты 320 чарчы метр сарай күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен 1995-жылы туулган келин, 2016-жылы туулган кыз, 2014-жылы туулган кыз, 2017-жылы туулган жаш бала мерт кетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, эки бала 1995-жылы туулган келиндин балдары болсо, бир жаш бала дос кызынын баласы болгон. Үй өрттөнүп баштаганда аталган келин балдарды куткарам деп кирип, ал дагы каза болуп калган», — деп берилет маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө кошумча Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан өрт өчүрүүчү унаасы тартылган. Өрт 20:47де толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.