7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада жасалма документтерди жасаган аял кармалды

106

Кечээ, 18-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтерди даярдап келген шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, медициналык жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын жасалма документтерин даярдоо менен алектенип келгени аныкталды. Бул документтер алдын ала даярдалган жасалма мөөрлөр менен күбөлөндүрүлүп, кийинчерээк жарандар тарабынан жеке максаттарда колдонулган.

Бул факты боюнча КЖКнин 379-беренесинде (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан, 1990-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жарандын үйүндө, ошондой эле ага таандык унаадан КРнын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун 10 мөөрү жана 800дөн ашык жасалма документтер табылып, алынган.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык жаран Ч.Ж. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

107