7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдан Орунтаев Үрүмчү шаарындагы курулуш заводдору менен таанышты

372

Кечээ, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында курулуш материалдарын өндүрүүчү заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үрүмчү шаарында министрди Синьцзян-Уйгур автоном районунун турак жай курулушу жана шаарларды өнүктүрүү департаментинин башкы директорунун орун басары Ван Цэ мырза тосуп алды.

Иш сапардын максаты-Үрүмчү шаарынын курулуш материалдары тармагындагы өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышуу, ошондой эле Синьцзян-Уйгур автоном районундагы өндүрүүчү заводдор менен кызматташтык байланыштарды түзүү.

Белгилей кетсек, Үрүмчү шаарына Курулуш министри менен бирге Кыргызстандагы 30га жакын курулуш компанияларынын жетекчилери да барды.

373