Ысык-Көлдө 14 жаштагы баланы футбол дарбазасы басып калып, көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-август күнү Ак-Суу РИИБне Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда Бөрү-Баш айылынын 14-жаштагы тургуну А.А. денесинен алган жаракаты менен кайрылгандыгын маалымдалган.
Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүү учурунда, 14 жаштагы бала Бөрү-Баш айылында орун алган кичи-футбол аянтчасында футбол ойноп жаткан. Ошол учурда футбол дарбазасы аны басып калып, денесинен жаракат алгандыгы аныкталган.
Кийинчерээк ата-энеси Бишкек шаарына даарыланууга алып барганда, 6-август күнү жаш өспүрүм каза болуп калган.
28-августь күнү Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун (Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде өндүрүштөн кыскартылган.