7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алтындын мыйзамсыз сатылышы». Айыл өкмөт кызматкерлери жана инспектор кармалды (ФОТО)

850

Алтынды мыйзамсыз сатуу фактысына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери жана Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-инспектордук кызматынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, УКМК Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгүнүн (коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, алтынды мыйзамсыз казып, сатууну жашыруу максатында Чаткал районунун кызмат адамдары менен келишим түзгөн, жана алтынды мыйзамсыз ташуу учурунда алтын казуучу компаниянын башкы директору кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө экологиялык коопсуздукка, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч жаратат эске албастан, Чаткал районунун кызмат адамдары менен компаниянын өкүлдөрү материалдык пайда көрүү максатында жең учунан сүйлөшүп алган фактылар аныкталды.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун төмөнкү кызматкерлери кармалган:
— Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы «С.К.К.»;
— Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Ж.Н.Ж.»;
— Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары «С.А.К.».
—  Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча Контролдук-инспектордук кызматынын башкы инспектору «Б.З.Ж.».

Мындан тышкары, алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалган. Жогорудагы адамдарга өзгөчө оор кылмышка шектелип айып тагылып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

851