«Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө уланып жаткандыгын Башкы прокуратура кошумчалады.