Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утту.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты.
Алтын үчүн кармашта Шаршенбеков 20 жаштагы болгариялык Эдмонд Назарян менен беттешип, 11:2 эсебинде Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду.