7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Намыска жарадың Жоламан баатыр!» Президент Жоламан Шаршенбековду куттуктады

636

Өлкө башчы Садыр Жапаров грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады.

«Намыска жарадың Жоламан баатыр! Азаматсың!

Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң. 

Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ.

Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм! 

Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу!»,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637