7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл: Мас абалында 3 унааны айдап качкан шектүүлөр кармалды

400

Ысык-Көлдө түн ичинде 3 унааны айдап качкан эки жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү милицияга жергиликтүү тургундан шаардагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Көп өтпөй саат 7.20лар чамасында Каракол шаарынын дагы бир тургунунан билдирүү түшкөн. Ал өз кайрылуусунда 31-августтан 1-сентябрга караган түнү Каракол шаарынын Жамансариев жана Гречко көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулган «Камаз» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин билдирген.

Аталган фактылар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кармалгандар Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургундары 34 жаштагы М.М. жана 35 жаштагы А.С. болуп чыккан. Алдын ала сурак учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышкан.

Жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш чараларынын жүрүшүндө, 31-августтан 1-сентябрга караган түнү шектүүлөр мас абалында болуп, шаарга барууну чечишкен. Унаа жоктугунан алар дүкөндүн жанында токтоп турган «Ауди-100» унаасын айдап кетишкен. Бир нече кварталдан кийин, унааны башкара албай, жолдун четине чыгып кетишкен. Андан соң, Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургунуна тиешелүү «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен. Бирок аны менен да жол кырсыгына учурашкан.

Үчүнчү жолкусунда «Камаз» үлгүсүндөгү унааны айдай качышкан. Бир нече метрден кийин унаа өчүп калгандыктан, алар унаанын эки аккумуляторун чыгарып алышып, көңүл ачууну улантыш үчүн уурдалган буюмду сатууну чечишет. Бирок, көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 211 (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 205 (Уурдоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки жаран соттун баш коргоо чарасы чыкканга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

401