Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз-казак чек арасында 3 өткөрүү пунтунда убактылуу чектөө коюлат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, убактылуу токтотуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу.
Өткөрүү төмөнкү убактарда токтотулат:
— 11:00дөн 13:00гө чейин “Ак-Тилек- унаа жолу” пункту;
— 14:00дөн 16:00гө чейин “Кең-Булуң-унаа жолу” пункту;
— 17:00дөн 20:00гө чейин “Токмок-унаа жолу” өткөрүү пункту.