Ноокен милициясы оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда аялдын киши колдуу болгондугу тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Аталган факты Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү делип, каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын 1989-жылы туулган А. И. аттуу тургуну болуп чыккан. Шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда соттун кароосуна жиберүү үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.