Бүгүн, 4-март күнү саат 01:77де Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.
«Жер титирөөнүн очогу Бедел айылынан 80 чакырым түштүк-чыгыш, Кажы-Сай айылынан 185 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес», — деп жазылат билдирүүдө.