Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 1,43 гектар жер кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, 2000-жылдын башында КР жараны О.Э. Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу «Авто-техсервис» ишканасынын 1,43 га аянттагы жер тилкесин жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында жайгашкан административдик имараты бар жерлерин айрым документтерди жасалмалоо жолу аркылуу жеке менчикке алган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында О.Э. аттуу жаран тарабынан документтерди бурмалоо фактысы аныкталып, базар баасы боюнча 7 млн, 830 миң сомду түзгөн, «Авто-Техсервис» ишканасынын 1,43 га жер тилкеси жана административдик имараты бар жерлери, ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылып берилди.