19-июлда Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлеринде жүргөн Кыргызстандын жарандары өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу ТИМден билдирди.
Жалпысынан 22 жаран келди. 8 аял киши жана 14 жашы жете элек балдар.
Бул Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн кыргызстандыктарды репатриациялоо боюнча алтынчы гуманитардык миссия.