Тазабек Икрамов депутаттык мандатын тапшырып берди. Бул тууралуу БШКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган маселе бүгүн, 19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралган. Икрамов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын арызын бир добуштан колдошкон.
Тазабек Икрамов 2021-жылы Сузак району боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Эми аталган райондо кайра шайлоо өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, жергиликтүү басылмалар 17-июлда Тазабек Икрамов УКМКга суракка чакырылганын жазып чыккан.