7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик нотариалдык кеңсенин кызматкерлери кармалды

323

Ош облусунун Араван жана Алай райондорунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Б.Г.Ш. жана И.Л.Ж аттуу нотариустары системалуу негизде мыйзамсыз жеке баюу максатын көздөп, нотариалдык аракеттердин процессин жасалма татаалдатуу жолу менен, өздөрүнүн укукка каршы аракеттери менен кайрылган жарандар үчүн кыйын абалды жаратып, нотариалдык документтерди тариздөөдө акча каражаттарын талап кылышкандыгы аныкталды.

Мындан улам,  10-майда жана 17-июлда козголгон кылмыш иштеринин алкагында жогорудагы кызматкерлер кайрылган адамдардан акча каражатын өндүрүү учурунда кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

324