7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Ысык-Көл ОИИБге 18 кызматтык унаа тапшырылды

550

Бүгүн, 26-февраль күнү  Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 18 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 18 кызматтык унааны тапшырды.

Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Ысык-Көл ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, райондук жана Балыкчы, Каракол шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Ысык-Көл ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

 

 

551