7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды

507

Өлкө  жарандарына жогорку үстөк пайыз менен акча ссудаларын берүү жолу аркылуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз тартып алган  адистешкен туруктуу кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, О.Ж.К. жана Д.Д.Н. аттуу жарандардын жетекчилиги астындагы топ,  тийиштүү  уруксат берүүчү документтери жок туруп, өлкө жарандарына жогорулатылган үстөк пайыздары менен (жылына 60% дан 120%га чейин) оор шарттарда накталай кредиттерди берүү боюнча иш-чараларды уюштуруп, натыйжада карыз алуучулар кыймылсыз мүлктөрүн күрөөгө коюп, жыйынтыгында алардан ажырап калышкан.

22-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөр пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган топтун мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

508