Бүгүн, 26-февраль күнү Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 18 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 18 кызматтык унааны тапшырды.
Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Ысык-Көл ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, райондук жана Балыкчы, Каракол шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Ысык-Көл ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.