7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл прокуратурасы ишкерлер менен жолугуп, ыксыз текшерүүдөн коргонуу жолун үйрөттү

803

Ысык-Көл облустук прокуратурасы ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Ысык-Көл облустук прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо багытында 23 текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 29 мыйзам бузуу аныкталып, аларды жоюу үчүн 22 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, 1 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондуктан, үстүбүздөгү жылдын 15-мартында облустук прокуратуранын демилгеси менен салык кызматынын, Ысык-Көл облусту өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө укуктары жана фискалдык ошондой эле контролдук органдарынын мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн коргонуу жолдору түшүндүрүлдү.

Булак: Кабар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804