7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 271 жашы жете элек балдардын иштеп жүргөндүгү аныкталды

658

Ысык-Көл ОИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору жашы жете электердин мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө каршы профилактикалык иш-чараларды жана рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Туристтик сезон маалында милиция кызматкерлери «Өспүрүм эмгек»деп аталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын байма-бай уюштуруп турушат. Бул иш-чаралардын башкы максаты облустун аймагында жайкы каникул учурунда эс алып жаткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле алардын ден соолугуна зыян келтирген шарттарда балдар эмгегинин учурларын аныктоо болуп саналат.

Август айынын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын болжолдуу жумуш орундарын интенсивдүү текшерүү жүргүзүлдү. Текшерилген объекттердин жалпы саны 2187 болду. Бул операциянын жүрүшүндө тиешелүү уруксат документтери жок иштеп жаткан 271 жашы жете элек балдар аныкталган.

Рейддерди өткөрүү инспекторлорго аныкталган укук бузууларга ыкчам жооп берүүгө жана жагымсыз кырдаалга туш болгон балдарга тиешелүү жардамды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659