Ысык-Көлдө 72 жаштагы кишини айдоочу сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-октябрда Каракол-Эңилчек жолунда айдоочу Шапак айылынын 72 жаштагы тургунун сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жүргүнчү мас абалда жолдун ортосуна отуруп алгандыгы себеп болгон.
Ак-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Хундай-Сантафе унаасынын 36 жаштагы айдоочусу кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.