7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ооруканага жетпей көз жумган». Ысык-Көлдө ата 27 жаштагы уулунун өлүмүнө шектелип жатат

992

Ысык-Көлдө үй-бүлөдөгү уруштун айынан 27 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ата баласына бычак сайган. 23-мартта Түп РИИБге аймактык ооруканадан 27 жаштагы жигиттин бычактан жаракат алган абалга жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. Дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан. Аталган факты райондук милициянын катоосуна алынган.

Тергөөчүлөр күбөлөрдү сурап төмөнкүлөрдү аныкташкан. Ошол эле күнү Тасма айылынын 63 жаштагы тургуну уулунун сол жамбашына бычак сайган. Жигит алган жаракатынан ооруканага жетпей көз жумган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектелген жаран Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

993