7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө балдар үчүн «Таза жашоо» экологиялык иш-чарасы өттү

14

Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылындагы «Жаш Мурас» балдар лагеринде «Таза жашоо» аттуу интерактивдүү экологиялык иш-чара өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын максаты — балдардын экологиялык аң-сезимин жогорулатып, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу менен кайра иштетүү боюнча билим берүү.

Программанын алкагында балдар үчүн интерактивдүү оюндар, сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, «Таза жашоо» экологиялык иш-чарасы алдыдагы эки күн ичинде Ысык-Көл облусундагы башка балдар лагерлеринде да өткөрүлүп, мүмкүн болушунча көбүрөөк балдарды экологиялык билимге жана калдыктарды туура башкаруу маданиятына тартууну көздөйт.
«Таза жашоо» экологиялык иш-чарасы жакынкы эки күндө Ысык-Көлдөгү башка лагерлерде да өткөрүлөт.

15