Ысык-Көлдө эки унаа кагышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү саат 14:15тер чамасында Ысык-Көл районунун Балыкчы-Каракол автоунаа жолунун болжол менен 115-чакырымында «Хонда Одисей» жана «Митсубиси» автоунаалары кагышкан.
Жол кырсыгынан 6 жаран майда жаракат алган. Каза болгондор катталган жок.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, тез жардам кызматы менен биргелекте биринчи жардам көрсөтүшкөн.