Нарында 7-март күнү сууга түшүп кеткен баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү саат 19:50 чамасында Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынан өткөн Нарын дарыясынын жээгинде өспүрүмдүн жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Баланын өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, баланын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эскерте кетсек, 9 жаштагы Т.Т. аттуу бала ушул жылдын 7-мартында Орто-Нура айылынан өткөн Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болгон.
Окуя болгон күндөн тарта 5-апрелге чейин ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзгөн.